Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Маматалиев: эркектер байкабаган коомдогу көйгөйлөрдү аялдар байкайт

© Sputnik / Асель АкматалиеваКыргызстан аял режиссерлорунун III кинофорумунун редактору Байзак Маматалиев
Кыргызстан аял режиссерлорунун III кинофорумунун редактору Байзак Маматалиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан аял режиссерлорунун III кинофорумунун редактору Байзак Маматалиев жаңы тартылып жаткан тасмалардын режиссерунун көбү кыз-келиндер экенин айтты.
Маматалиев: эркектер байкабаган коомдогу көйгөйлөрдү аялдар байкайт

Коомдогу мырзалар байкабаган көйгөйлөрдү аялдар байкайт. Мындай пикирин Байзак Маматалиев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аял тарткан тасма таасирдүүрөөк болот.

"Кыргызстан аял режиссерлорунун III кинофорумуна катышам дегендердин саны көп болуп, ичинен 12 тасма тандалып алынды. Жаңы тартылып жаткан тасмалардын көпчүлүгүн кыз-келиндер жаратууда. Бул жакшы көрүнүш. Бир гана жаңы эле окуу жайды же атайын курстарды аяктаган эмес, орто жаштагы аялдар да кино дүйнөсүнө кийинчерээк кызыгып, мыкты, таасирдүү окуяларды чоң экранга алып чыгууда. Негизи аялдар мырзаларга караганда майда нерселерди байкап, биз байкабаган көрүнүштөргө маани берет эмеспи. Алар тарткан тасмалар таасирдүүрөөк болот", — деди Маматалиев.

Ал коомдун алдыга жылышына аялдар эркектерге караганда көбүрөөк салым кошорун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0