Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сагынбаева: Бишкекте эстетикалык медицина кызматынын баасы арзан

© Sputnik / Табылды КадырбековДермокосметолог Айнура Сагынбаева
Дермокосметолог Айнура Сагынбаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эстетикалык медицина адистери коомунун төрайымы Айнура Сагынбаева соңку кезде эстетикалык медицина кызматы үчүн коңшу өлкөлөрдөн келген кардарлардын саны көбөйүп баратканын айтты.
Сагынбаева: Бишкекте эстетикалык медицина кызматынын баасы арзан

Эстетикалык медицинага пилинг, мезотерапия, биоревитализация, фототерапия, пластикалык хирургия сыяктуу кызматтар кирет.

Эстетикалык медицина кызматынын баасы Бишкектеги клиникаларда башка мамлекеттерге караганда бир топ арзан. Бул тууралуу Айнура Сагынбаева Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мындай кызматтар үчүн атайын Кыргызстанга Казакстан менен Россиядан келген кардарлардын саны арбын.

"Чынын айтсам, эстетикалык медицина үчүн коңшу мамлекеттерден өтө көп адам келет. Өзгөчө Россия менен Казакстандан. Мындай көрүнүшкө башында таң калчумун. Анткени аты аталган эки өлкө тең биздин мамлекетке караганда өнүккөн эмеспи. Кийин анализдеп көрсөм, Бишкектеги клиникаларга көбүнчө орто класстагы адамдар келет экен. Анткени биринчиден, бизде эстетикалык медицина кызматынын баасы арзан. Экинчиден, тейлөө кызматын алар жакшы деп эсептешет. Ал эми өтө байлар пластикалык хирургияларды өнүккөн өлкөлөрдө жасатышат", — деди Сагынбаева.

Ал азыркы кезде интернеттен каалаган шаардан каалаган дарыгерди таап, кеңеш алса боло турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0