Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Кедеев: аскер адамдары бизнесмен эмес

© Sputnik / Асель АкматалиеваЗаместитель председателя Государственного комитета по делам обороны Нурсеит Кедеев
Заместитель председателя Государственного комитета по делам обороны  Нурсеит Кедеев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КР Куралдуу күчтөрүнүн Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Нурсеитбек Кедеев 2019-жылы офицердик курамдагы аскер кызматкерлеринин айлыгын жогорулатуу мерчемделгендигин маалымдады.
Кедеев: аскер адамдары бизнесмен эмес

2018-жылы аскер кызматкерлеринин финансылык жана материалдык-техникалык камсыздоо системасын жакшыртуу максатында прапорщик, катардагы сержант жана старшиналардын айлык акысы көтөрүлгөн. Бул тууралуу Нурсеитбек Кедеев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, ал өкмөттүн аскер кызматкерлеринин акчалай айлык акысы жөнүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүү киргизүү токтомуна ылайык иш жүзүнө ашкан.

"Аскер адамынын финансылык жана материалдык-техникалык камсыздоо системасын жакшыртуу боюнча иштер тынымсыз жүрүп турат. Айтсак, былтыр прапорщик, катардагы сержант жана старшина курамдагы аскер кызматкерлеринин акчалай маянасы 2500-2800 сомго жогорулаган. 2019-жылы дагы офицерлердин, келишимдик негизде кызмат өтөгөндөрдүн айлыгын 30-50 пайызга көтөрүү каралган. Аскер адамы жеке ишкер эмес, ал мекен үчүн күнү-түнү кызматта. Өлкө жетекчилиги ошону эске алып, колдоого алууда", — деди Кедеев.

Ошондой эле ал айлык акынын жогорулашы өлкө бюджетин эске алуу менен ишке ашырыла тургандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0