06:34 14 Бештин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8482
  • EUR78.0693
  • RUB1.1166
Мамлекеттик айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбачылыгы агенттигинин директорунун орун басары Арсен Рыспеков
© Sputnik / Табылды Кадырбеков

Рыспеков: Кыргызстанда учурда 16,5 млн. тонна таштанды жатат

Радио
Кыскача шилтеме алуу
107 0 0

Мамлекеттик айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбачылыгы агенттигинин директорунун орун басары Арсен Рыспеков өлкө боюнча 406 таштанды талаасы бар экендигин айтты.

Айлана-чөйрөнү коргоо агенттиги жергиликтүү бийлик менен биргеликте өлкө ичиндеги таштанды талааларын инвентаризация кылып чыктык. Жыйынтыгында учурда республикада 16,5 миллион тонна акыр-чикир жатканы аныкталды. Бул тууралуу Арсен Рыспеков Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жогоруда көлөмү көрсөтүлгөн таштандылардын 26 пайызын полиэтиленден жасалган буюмдар түзөт.

"Учурда Кыргызстанда 16,5 миллион тонна акыр-чикир жатканы маалым болсо, анын 26 пайызын желим идиш-аяктары, баштыктар түзөт экен. Целлофандан жасалган баштыктар, бөтөлкөлөр кылымдар бою чирибей, жер кыртышын бузуп, абага уу бөлүп чыгарып жата берет. Таштанды маселеси, өзгөчө, туристтик зона болгон Ысык-Көл облусунда курч. Баш мыйзамда мамлекет жарандарын экологиялык таза жашоо менен камсыздандырууга милдеттендирилген. Андыктан, биз полимердик буюм-тайымдарды жасоого, сатууга жана сатып келүүгө, колдонууга тыюу салышыбыз керек", — деди Рыспеков.

Ал кыргызстандыктар жыл сайын 500 миң тоннадан көбүрөк таштанды чыгарарын кошумчалады.

Белгилер:
мыйзам, таштанды, экология

ЭҢ МААНИЛҮҮ