Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Нусупбеков: декларацияны убагында тапшырбагандарга айып салынат

© Sputnik / Табылды КадырбековРуководитель отдела декларации ГНС Мукай Нусупбеков
Руководитель отдела декларации ГНС Мукай Нусупбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик салык кызматынын декларациялоо, салыктар жана төлөмдөр башкармалыгынын башчысы Мукай Нусупбеков жеке жактар үчүн жыл бою төлөгөн салыгынын отчетун тапшыруу мөөнөтү 1-апрелде аяктарын айтты.
Нусупбеков: декларацияны убагында тапшырбагандарга айып салынат

Бирдиктүү салык декларациясы — салыктык отчет болуп саналат. Анын башкы максаты — субъектинин экономикалык иш-аракеттери тууралуу Мамлекеттик салык кызматына финансылык маалымат берүү. Бул тууралуу Мукай Нусупбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, салык декларациясын ишкерлик менен алектенген жергиликтүү уюмдар, өлкө аймагында ишкерлик менен туруктуу алектенген чет мамлекеттик ишканалар, КР жараны болуп эсептелген жеке ишкерлер, кайрылман статусу бар ишкерлер жана чет өлкөлүк жаран болгону менен Кыргызстанда мүлкү болгондор тапшырууга тийиш. Ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер да бул категорияга кирет.

"Салык төлөө менен салык декларациясын тапшыруу эки башка иш. Салык төлөөдө ар кимисинин өз мөөнөтү көрсөтүлгөн. Ал эми ошол төлөнгөн салыктардын отчетун, тиешелүү тараптар ар жыл сайын Салык кызматына берип турууга милдеттүү. Аталган отчет декларация деп аталып, быйыл 1-апрелге чейин тапшыруу зарыл. Мөөнөтүнөн кечиктиришсе, юридикалык жактарга 5000, жеке тараптарга 1000 сом айып пул салынат", — деди Нусупбеков.

Ал учурда Мамлекеттик салык кызматы жарандардын декларация тапшыруусуна ыңгайлуу болуусу үчүн түштөнүү учурунда да кабыл алып жатканын жана салык кызматкерлеринин жумуш сааты узартылганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0