Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Аманкан кызы: калпак 5-мартта гана кийилип, калган күндөрү унутулуп калат

© Sputnik / Асель Акматалиева"Кыргыз калпагы муундан-муунга" студиясынын чебери Гүлзада Аманкан кызы
Кыргыз калпагы муундан-муунга студиясынын чебери Гүлзада Аманкан кызы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Кыргыз калпагы муундан-муунга" студиясынын чебери Гүлзада Аманкан кызы калпакты даярдоо үчүн бир сааттан бир күнгө чейин убакыт кетерин айтты.
Аманкан кызы: калпак 5-мартта гана кийилип, калган күндөрү унутулуп калат

Калпак 5-мартта гана кийилип, калган күндөрү унутта калып жатат. Бир гана жаштардын эмес, улуу кишилердин да башынан бул улуттук баш кийимди көрө албай калдык. Мындай пикирин Гүлзада Аманкан кызы Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, соңку учурда улуттук кийимдерди даңазалаган иш-чаралардан улам калпак кийүү модага айлана баштады.

"Чындыгында калпак кийген мырзалар аз. Көчөдөн калпакчандарды чанда гана кездештирүүгө болот. Бирок акыркы убакта патриот жаштар көбөйүп, калпак кийүүнү модага айлантып баштады. Бара-бара улуттук баш кийимибизди бардык мырзалар кийип калат деп үмүттөнөм. Калпакты жасоо да чоң талантты, эмгекти талап кылат. Ар бир эле чебер калпакты тигип кете албайт. Ага жан дүйнөңдү берип даярдаш керек. Ошондо гана формасына чыгып, көрктүү жана жандуу болот", — деди Аманкан кызы.

Ал кыз кишинин калпак кийгени туура эмес экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0