16:37 20 Аяк оона 2020
Түз эфир
  • USD79.0444
  • EUR93.7348
  • RUB1.0535

Министр: дыйкандар картошкасын сорттоп, даярдап койсо жакшы болмок

Радио
Кыскача шилтеме алуу
1269 0 0

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев быйыл картошканын аянты 3200 гектарга азайып, жалпысынан 82 миң гектарды түзөрүн маалымдады.

Министр: дыйкандар картошкасын сорттоп, даярдап койсо жакшы болмок

Быйыл экспорттук потенциалы жогору болгон көп жылдык мөмөлүү бак-дарактардын аянтын эки эсеге көбөйтүү мерчемделип жатат. Бул тууралуу Нурбек Мурашев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, картошканын аянтын азайтуу райондук администрация жана дыйкандардын каалоо-сунушу менен бирге кабыл алынган чечим болду.

"2010-жылдан бери картошка айдала турчу аянт кеңейтилип отуруп, 85 миң гектарга жеткен. Быйыл аны 3200 гектарга азайтууну чечтик. Мындай чечимге райондук администрациялар жана дыйкандар менен бирге кеңешип отуруп келдик. Учурда элдин колунда турган картошканы сатуу боюнча сүйлөшүүлөр токтой элек. Өзбекстандык 10 компания азыр картошканы Кыргызстандан алып кетүү боюнча иштеп жатат. Бирок бир көйгөй бар. Дыйкандарыбыз түшүмүн сорттобой, сатып алуучулар барганда продукцияны иргеп, убакыттын көбү ушуга кетүүдө. Дыйкандар продукциясын сорттоп, камдап койсо жакшы болот эле. Ал эми быйыл көп жылдык мөмөлүү бак-дарактарга артыкчылык берилет. Анткени анын экспорттук потенциалы жогору", — деди Мурашев.

Ошондой эле министр учурда өлкөдөгү мөмөлүү бак-дарактардын жалпы аянты 50 миң гектар экенин, быйыл аны эки эсеге көбөйтүү пландалып жаткандыгын кошумчалады.

Тема боюнча

Казакстан кыргыз картошкасына коюлган чектөөнү алмай болду
Белгилер:
мөмө-жемиштер, аянт, Картошка, Нурбек Мурашев

ЭҢ МААНИЛҮҮ