Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Кедеев: аскердик билетсиз иш табуу кыйын болот

© Sputnik / Асель АкматалиеваЗаместитель председателя Государственного комитета по делам обороны Нурсеит Кедеев
Заместитель председателя Государственного комитета по делам обороны  Нурсеит Кедеев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Куралдуу күчтөрүнүн коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Нурсеитбек Кедеев жакында аскердик кызмат өтөөгө жазгы чакыруу кампаниясы башталарын маалымдады.
Кедеев: аскердик билетсиз иш табуу кыйын болот

Аскердик кызмат өтөөгө былтыр жазында 2630, ал эми күзгү чакыруу менен 3325 улан катарга кошулган. Бул тууралуу Нурсеитбек Кедеев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мобилизациялык резердин жыйындары боюнча 1800 адам мекенге кызмат кылып, 1-категориядагы аскердик билетке ээ болгон.

"Жакында жазгы аскердик кызматка чакыруулар башталат. Былтыр өлкө боюнча жалпысынан 6 миңге жакын улан аскердик кызматка чакырылган. Андан сырткары, 17338и альтернативдүү түрдө өтөгөндөр. 1800 киши мобилизациялык резердин жыйындарына кабыл алынган. Ага 25-40 жашка чейинкилер келсе болот. Ал үчүн адамдын саламаттыгы дыкат текшерилет, атайын ачылган эсепке 50 миң сом өлчөмүндө акча которулат жана бир айлык аскердик кызматтан өтүп, соңунда 1-категориядагы аскердик билетке ээ болот. 1-категориядагы аскердик билетсиз адамды күч органдарына кызматка албайт", — деди Кедеев.

Ошондой эле аскер жетекчиси бир айлык мобилизациялык резердин жыйындарынан өтүү ыктыярдуу түрдө болорун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0