Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Педагог: "Көк кит" тармактык оюну бизди бир топ кыйнаган

© Sputnik / Табылды КадырбековГлавный специалист управления образования при мэрии Бишкека Гузель Турдубаева
Главный специалист управления образования при мэрии Бишкека Гузель Турдубаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек шаардык мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Гүзел Турдубаева коомдо талкуу жараткан "48 саатка жашын" тармактык оюну тууралуу маалымат 2018-жылы эле тараганын маалымдады.
Педагог: "Көк кит" тармактык оюну бизди бир топ кыйнаган

Бишкек шаарындагы билим берүү мекемелеринде "48 саатка бекин" тармактык оюнуна байланыштуу бир дагы факты катталган жок. Бул тууралуу Гүзел Турдубаева Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, ата-энелерге кооптонууга эч кандай негиз жок.

"48 саатка бекин" деген оюн тууралуу маалымат 2018-жылы эле тарай баштаган. Ошондо эле Бишкек ШИИББинин жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлору, Билим берүү министрлиги жана мэриянын Билим берүү башкармалыгынын өкүлдөрү мектеп окуучулары арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнбүз. Мектеп жетекчилиги жана ата-энелер менен дагы далай жолугушуулар өткөн. Учурда коомдо талкууга алынган оюн боюнча катталган факты жок. Ал эми 2017-жылкы таңкы саат 04:20да ойготкон "Көк кит" тармактык оюну убагында чындыгында көйгөй жараткан", — деди Турдубаева.

Педагог мектептен сырткаркы мезгилде ата-энелер балдары менен көп убакыт өткөрүп, баарлашып, сырдашып туруусу маанилүү экендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0