Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Депутат: Казакстан албай жаткан картошка эмнеге чирип кеткенин билиш керек

© Sputnik / Табылды КадырбековКСДП фракциясынын депутаты Элвира Сурабалдиева. Архив
КСДП фракциясынын депутаты Элвира Сурабалдиева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КСДП фракциясынын депутаты Элвира Сурабалдиева 19-февралдан тарта Казакстан Кыргызстандын айрым айыл чарба продукцияларын киргизүүгө тыюу салгандыгы дыкаттык менен изилдениши зарылдыгын айтты.
Депутат: Казакстан албай жаткан картошка эмнеге чирип кеткенин билиш керек

Коңшу өлкө Кыргызстандан алып келинген картошкада нематода курту бар, продукция чирип кеткен деген жүйө келтирип жатат. Ага анализ жасалышы керек. Бул тууралуу Элвира Сурабалдиева Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги пландаштыруу системасын жакшы өздөштүрүүсү зарыл.

"Союз убагында пландаштыруу системасы бар эле. Айыл чарба министрлиги былтыр дыйкандарга картошка эккиле деп, эми элеттиктер зыян тартып отурат. Анысы аз келгенсип жакында Казакстан дагы Кыргызстандын картошкасында курт бар, чирип кетиптир деген жүйө менен продукцияны киргизбей койду. Ал курт кайдан пайда болуп, картошка эмнеге чирип кеткенин билүү керек. Ошондой эле мындай абал кант кызылчасында да бар. Кызылчаны канча көлөмдө эгүүнү сунуштаардан мурун кант заводдорунун продукцияны алуу жөндөмдүүлүгү эсептелип чыгышы керек эле. Министрлик сапаттуу анализ, мониторинг, пландоого өтүшү керек деген ойдомун", — деди Сурабалдиева.

Андан сырткары, эл өкүлү жазгы талаа иштерине карата өлкөдөгү күйүүчү майга болгон баа төмөндөйт деген үмүттө экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0