Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Усупбеков: тест балдарга кесипти туура тандоого мүмкүнчүлүк берет

© Фото / Нурбек КалкатаевНачальник Бишкекского городского управления Минсоцразвития Бактыбек Усупбеков
Начальник Бишкекского городского управления Минсоцразвития Бактыбек Усупбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин ишке орношууга көмөк көрсөтүү башкармалыгынын башчысы Бактыбек Усупбеков борбор калаада жумуш ордун сунуштаган жарманке ай сайын өткөрүлүп турарын айтты.
Усупбеков: тест балдарга кесипти туура тандоого мүмкүнчүлүк берет

Жумуш издегендерди жана иш берүүчүлөрдү жолуктуруу максатында Бишкекте ар ай сайын жарманке өткөрүлүп келет. Анда жумуш издегендерге, студенттерге жана окуучуларга атайын программалар каралган. Жарманкенин алкагында 9-класстын окуучулары кесип тандоо боюнча тесттен өтүшөт. Бул тууралуу Бактыбек Усупбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, окуучулар үчүн тестти аталган министрликтин өкүлдөрү германиялык адистер менен биргеликте иштеп чыккан. Иш-чарага бул жолкусунда 1000-1500гө чейин адам катышат. Усупбеков иш издеп, билдирүү калтыргандардын 10 пайызы ушул жарманкенин жардамы менен жумушка орношуп, иштеп каларын белгиледи.

"Жарманкеде бир эле жумуш менен камсыз кылуу эмес, жогорку курстун студенттерине резюмени кантип туура жазуу керектиги, кантип өз адистиги боюнча иш берүүчүлөргө кайрылуу жолдору үйрөтүлөт. Мындан сырткары, мектеп окуучуларын кесипти туура тандоо боюнча атайын иштелип чыккан тесттен өткөрөбүз. Мындай тесттер чет мамлекеттерде бала бакчаларга да киргизилиптир. Биз азырынча мүмкүнчүлүгүбүздүн жетишине карап 9-класстын окуучуларын гана өткөрө алабыз. Анын жыйынтыгында бала кайсы кесипке жөндөмдүү экендиги билинет. Өлкөдө мындай тесттер ар бир мектепте 5-класстан баштап эле киргизилсе жакшы болмок. Ага катышкан окуучулар эле эмес, ата-энелер да өтө кызыгуу менен мамиле кылып, балдарынын келечектеги кесибине болгон көз карашын өзгөрткөн учурлар көп эле кездешет", — деди Усупбеков.

Ал мындай тесттер сынамык иретинде Бишкек шаарындагы төрт мектепке киргизилгендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0