Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Мадумаров: статс-катчыны министр жумуштан оңой-олтоң ала албайт

© Sputnik / Асель АкматалиеваМамлекеттик кадр кызматынын жетекчиси Акрам Мадумаров
Мамлекеттик кадр кызматынын жетекчиси Акрам Мадумаров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик кадр кызматынын жетекчиси Акрам Мадумаров айрым министрликтердин статс-катчылары 10 жылдан ашуун иштеп жаткандыгын айтты.
Мадумаров: статс-катчыны министр жумуштан оңой-олтоң ала албайт

Парламенттик башкаруу системасында статс-катчы институтунун иштеши эң маанилүү. Бул тууралуу Акрам Мадумаров Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, статс-катчылардын даражасы министрдин биринчи орун басарынын деңгээли менен барабар.

"Статс-катчы көз карандысыз институт. Аны министр каалаган учурда кызматтан алып кое албайт. Атайын кеңештин макулдугусуз иштен алуу болбойт. Премьер-министр отставкага кеткен учурда өкмөттүн бардык мүчөлөрү дагы отставкага кетет. Ошондо министрликтеги жоопкерчилик статс-катчыга жүктөлөт. Себеби министрдин кетиши менен иш токтоп калбай, аппарат жөндөмдүү болушу керек. Ал эми аппараттын ишмердүүлүгүн статс-катчы тескейт. Анын даражасы министрдин биринчи орун басарынын деңгээлине барабар. Ал министрликтеги балансты кармап, сактап турат", — деди Мадумаров.

Ошондой эле ал статс-катчынын кызматтык орду туруктуулугу менен айырмалана тургандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0