Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Министрдин орун басары картошканын канчасы сатыла электигин айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековЗамминистра сельского хозяйства Жаныбек Керималиев
Замминистра сельского хозяйства Жаныбек Керималиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев өлкө боюнча дагы 70 миң тонна картошка бар экендигин маалымдады.
Министрдин орун басары картошканын канчасы сатыла электигин айтты

Өткөн жылкы түшүмдөн калган картошканы экспорттоо боюнча иш-чаралар дагы деле уланып жатат. Бул тууралуу Жаныбек Керималиев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, быйылкы жазгы айдап-себүү иштерине өзгөчө көңүл бурулууда.

"Биздин азыркы негизги маселе — калган картошканы сатуу болуп турат. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн алган маалыматыбыз боюнча өлкөдө дагы 70 миң тонна картошка бар. Жакында министр өзү Өзбекстанга барып келди. Андан сырткары, Экономика министрлиги, картошка өндүрүүчүлөр ассоциациясы менен тыгыз иштешип жатабыз. Андан оң натыйжа чыгат деген үмүттөбүз. Айтылган көлөмдөгү картошканы экспорттой албай калсак, калганы үрөн болуп кетет. Республика боюнча картошка алгачкылардан болуп Араван районунда эгилет", — деди Керималиев.

Ошондой эле аткаминер жазгы талаа иштерине даярдык кызуу жүрүп жаткандыгын айтып, дыйкандар айыл чарба техникасы, күйүүчү май, үрөн, жер семирткич менен жеткиликтүү көлөмдө камсыз болорун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0