04:46 24 Жетинин айы 2020
Түз эфир
  • USD84.7968
  • EUR100.7047
  • RUB1.1193

7 тил билген студент: тилди курска барбай эле өз алдынча үйрөнсө болот

Радио
Кыскача шилтеме алуу
160920

Түркияда билим алып жаткан Ислам Эрчибаев тил үйрөнүү үчүн курска барган күндө деле адам өзү кызыгып аракет кылбаса, майнап чыкпай турганын айтты.

7 тил билген студент: тилди курска барбай эле өз алдынча үйрөнсө болот

Тил үйрөнөм дегендер курска барбай эле өз алдынча өздөштүрсө болот. Бул тууралуу 7 тилде сүйлөй алган Ислам Эрчибаев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, тил үйрөнөм деген адамда эң биринчи кезекте каалоо болушу шарт.

"Тил үйрөнөм деп курска барган жакшы. Бирок менимче, адам өз алдынча аракет кылса, эффективдүү болот. Өзүм араб, фарс, түрк, орус, англис, өзбек жана кыргыз тилдеринде оюмду жеткире алам. Аталган тилдердин арасынан түрк тилин гана курска барып өздөштүргөм. Калган тилдерди сөз жаттап, ошол тилде сүйлөгөн адамдар менен баарлашып жатып үйрөнүп кеттим. Курска барып тил үйрөнө албагандарда каалоо, кызыгуу жана аракет жетишпейт деп ойлойм", — деди Эрчибаев.

Ал чет тилин тез үйрөнүүнүн сырын дагы айтып берген.

Тема боюнча

12 өлкөдө болгон студент Европада аз акча менен саякаттоонун жолун айтып берди
Белгилер:
келечек, дүйнө, тил, жаштар, жарандык коом

ЭҢ МААНИЛҮҮ