Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Ишенапысова: былтыр республика боюнча 6 миңден ашуун адам эмдөөдөн баш тартты

© Sputnik / Табылды КадырбековДиректор Республиканского центра иммунопрофилактики при Минздраве КР Гульбара Ишенапысова
Директор Республиканского центра иммунопрофилактики при Минздраве КР Гульбара Ишенапысова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иммундук профилактика боюнча республикалык борбордун жетекчиси Гүлбара Ишенапысова 2018-жылы республика боюнча 6 миңден ашуун адам эмдөөдөн баш тарткандыгын маалымдады.
Ишенапысова: былтыр республика боюнча 6 миңден ашуун адам эмдөөдөн баш тартты

Баш тарткандардын 68 пайызы эмдөөнү диний көз караштан улам албай тургандыктарын түшүндүрүшкөн. Бул тууралуу Гүлбара Ишенапысова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, элге туура маалымат жеткирүү үчүн иммундук профилактика боюнча республикалык борбор Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы менен кызматташмай болду.

"Оорулардын көбөйүп кеткендигинин бир себеби -кичинекей балдарды ата-энелери эмдөөдөн өткөрбөй жаткандыгында. Баш тарткандардын 68 пайызы диний көз караштагы адамдар. Кырдаалды жөнгө салуу үчүн январь айында аалымдар менен тегерек стол өткөрүп, мечиттерде, диний мекеме-жайларда туура маалымат жеткирүүнү сүйлөшкөнбүз. Министрлик буйруктун негизинде иштесе, дин башкармалыгында фатва бөлүмү бар. Буйруса кызматташтыгыбыз оңунан чыгып, эмдөөдөн баш тарткандардын саны кыскарат деген үмүттөбүз", — деди Ишенапысова.

Ошондой эле адис иммундук-профилактикалык мыйзамдын 5-беренесинде адамдын укуктары жана милдеттери жазылгандыгын кошумчалап өттү.

Жаңылыктар түрмөгү
0