Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Стилист: дене менен кийимдин ортосундагы аралык бир сантиметр болушу керек

© Sputnik / Табылды КадырбековСтилист Гүлзат Орчунова. Архив
Стилист Гүлзат Орчунова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Стилист Гүлзат Орчунова бир эле кийим ар кимге ар кандай отурарын белгиледи.
Стилист: дене менен кийимдин ортосундагы аралык бир сантиметр болушу керек

Дене менен кийимдин ортосундагы аралык жок дегенде 1 сантиметр болушу керек. Бул тууралуу Гүлзат Орчунова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, толук аялдар "кийимди бир өлчөм кичине алсам, арык көрүнүп калам" деп ойлошот.

"Жарашыктуу кийинүү да өзүнчө талант. Ал үчүн логиканы иштетип, бир аз ойлонуш керек. Көпчүлүк айымдардын ич кийимине көңүл бурбаганы байкалат. Анан толук аялдар "кийимди бир өлчөм кичине алсам, арык көрүнүп калам" деп ойлошот. Дене менен кийимдин ортосундагы аралык жок дегенде бир сантиметр болушу керек. Жабышкан кийимден буттун кайсы жерден башталып, кайсы жерден бүткөнү көрүнүп калат. Ошол эле кезде бишкектиктердин көбү кенен кийим баарына жараша берет деген түшүнүк менен жашап келет. Кенен кийим да жарашкан аялга жарашат. Болгону дененин өзгөчөлүгүн байкап, кайсы жерге көңүл буруп же тескерисинче жаап-жашыруу керектигин билүү жетиштүү", — деди Орчунова.

Ал окшош көйнөк кийген эки айым бири курун ылдый, экинчиси өйдө тагып алса чоң айырмачылык байкаларын, ошондуктан майда аксессуарларга чейин дыкат мамиле кылуу керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0