Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

12 өлкөдө болгон студент Европада аз акча менен саякаттоонун жолун айтып берди

© Фото / Эрмек Темирбек уулуСтудент Эрмек Темирбек уулу
Студент Эрмек Темирбек уулу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
24 жаштагы Эрмек Темирбек уулу учурда АКШда иштеп, маркетинг жаатында билим алып жатканын айтты.
12 өлкөдө болгон студент Европада аз акча менен саякаттоонун жолун айтып берди

Саякаттоодон мурда интернеттен, чет жакка чыгып жүргөн тааныштардан бара турчу өлкө жөнүндө маалымат топтоп, изилдеп чыгыш керек. Ошого жараша капчыкка туура келген варианттарды тандап алса болот. Мындай пикирин Эрмек Темирбек уулу Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, өзү ушул кезге чейин 12 өлкөнү көрүүгө жетишкен. Ал үнөмдүү саякат тууралуу төмөнкүлөргө токтолду.

"Үнөмдүү саякат демекчи, биз теңтуштар менен аны практика жүзүндө колдонуп, жон терибиз менен сезе алдык. Европада сарамжалдуу саякаттоо үчүн мүмкүнчүлүктөр абдан көп. Арзан учак билет, арзан жатакана, арзан автобус билеттерин мобилдик тиркемелер аркылуу таап, колдонсо болот. Өзүңүз каалаган датаны, каалаган жол транспортун тандап, сапарыңызды ары уланта аласыз. 5-7 евродон жатакана таап, ушундай эле баага Европанын бир шаарынан башка жерине барууга шарттар түзүлгөн. Болгону арзан баадагы мүмкүнчүлүктөрдү интернеттен жана тааныштардан сураштырып, изилдеп, жер көрүүгө ылайыктуу вариантты тандоо жетиштүү", — деди Темирбек уулу.

Ал Европада убактылуу бекер жашатканга айрым үй-бүлөлөр кызыкдар экенин жана аларды мобилдик тиркеме, сайттардан караштырса болорун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0