12:47 21 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.2506
  • RUB1.0910
Иммундук профилактика боюнча республикалык борбордун жетекчиси Гүлбара Ишенапысова
© Sputnik / Табылды Кадырбеков

Ишенапысова: кызамыкка чалдыккандар көбөйүүдө

Радио
Кыскача шилтеме алуу
131 0 0

Иммундук профилактика боюнча республикалык борбордун жетекчиси Гүлбара Ишенапысова кызамык оорусу январь-февраль айында күч алганын айтты.

Январга карата республика боюнча кызамык оорусун жуктуруп алган 500 учур катталды. Бул тууралуу Гүлбара Ишенапысова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган оору менен ооругандардын 50 пайызы эмдөө албаган бир жашка чыга элек наристелер.

"Бүгүнкү күндө январга карата республика боюнча кызамык оорусун жуктуруп алган 500 учур катталды. Мындай көрсөткүч бул дартка чалдыккандардын саны кескин өскөнүнөн кабар берет. Негизи кызамык оорусу январь-февраль айларында күч алат. Ооругандардын тең жарымы - бир жашка чейинки бөбөктөр. Анын ичинде эмдөөдөн баш тарткан же убактылуу ооруп калып ала албай калгандар басымдуулук кылат. Учурда Бишкек шаарынан жана облустардан келген жалпы 53 адам дарыланууда", — деди ал.

Ишенапысова кызамык оорусу алгач сасык тумоодой болуп башталарын кошумчалады.

Тема боюнча

Эркекке аба менен суудай керек тестостерон. Гормон тууралуу эмне билүү керек
Белгилер:
медицина, эмдөө, кызамык

ЭҢ МААНИЛҮҮ