Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

ӨКМ сел жүрө турган кооптуу аймактарды атады

© Sputnik / Табылды КадырбековӨКМдин Өзгөчө кырдаалдарды божомолдоо, мониторинг жүргүзүү департаментинин директору Анаркул Айталиев
ӨКМдин Өзгөчө кырдаалдарды божомолдоо, мониторинг жүргүзүү департаментинин директору Анаркул Айталиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ӨКМдин Өзгөчө кырдаалдарды божомолдоо, мониторинг жүргүзүү департаментинин директору Анаркул Айталиев кайсы аймактарда сел жана жер көчкү коркунучу жогору экенин айтты.
ӨКМ сел жүрө турган кооптуу аймактарды атады

Күн жылып, жаз мезгилинин келиши менен өзгөчө кылдаалдардын да саны өсөт. Бүгүнкү күндө республика боюнча 4553 аймакта жер көчкү кооптуулугу бар. Бул тууралуу Анаркул Айталиев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мында кокту-колоттогу жер көчкүлөр да эске алынган.

"Жазда жер көчкү жүрө турган 4553 аймак аныкталды. Буга кокту-колоттордогу көчкүлөр да кирди. Анын ичинен 600дөн ашык жер эл жашаган аймак болуп саналып, кооптуу экени белгилүү болду. Кыргызстан боюнча март, апрель айларында Баткен облусунда сел жүрүү коркунучу жогору. Буга катар эле Чүй, Ош жана Жалал-Абад аймактарында күндүн жылышы менен сел жүрө баштайт. Ал эми суу ташкындары күтүлгөн аймактар — Оштогу Кара-Дарыя, Жалал-Абаддагы Терек-Сай, Аксы районундагы Кара-Суу жана Авлетим суусу", — деди Айталиев.

Ал учурда республикада 3103 дарыя бар экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0