05:39 25 Тогуздун айы 2020
Түз эфир
  • USD80.6300
  • EUR95.4498
  • RUB1.0544

Инспектор: балдарды тамактандырып, шоколад сатып беребиз

Радио
Кыскача шилтеме алуу
281 0 0

Токмок ШИИББ өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын ага тескөөчүсү Гүлзат Асаналиева өспүрүм балдар менен иштөө чоң актерлук чеберчиликти талап кыларын айтты.

Инспектор: балдарды тамактандырып, шоколад сатып беребиз

Айрым учурларда балдар менен иш алып барууда тергөөчүлөрдүн жана ыкчам иликтөө кызматкерлеринин чыдамы кетет. Бул тууралуу Гүлзат Асаналиева Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, ар бир балага индивидуалдуу мамиле жасоо зарыл.

"Көбү жаш өспүрүмдөр менен иштөө оңой деп ойлошот. Андай эмес. Жашы жете элек балдарга мамиле кылууда мыйзамда бир топ чектөөлөр каралган. Бир иш боюнча ата-энесиз суракка алып, бөлүмгө жеткире албайбыз. Алардын ар бирине индивидуалдуу мамиле жасоо керек. Бирөө ыйлайт, башкасы күлөт. Кээде керектүү маалымат алуу учурунда "ачка болдум" деп чыгат. Андайда тамактандырып, шоколад, таттууларды сатып беребиз. Өспүрүмдөр менен иш алып барууда инспекторлордун актерлук чеберчилиги жогору, мыкты психолог болушу шарт. Кээде андайда тергөөчүлөрдүн, кылмыш иликтөө кызматкерлеринин чыдамы жетпей кетет", — деди Асаналиева.

Андан сырткары, инспектор акыркы жылдары өспүрүмдөр тарабынан жасалган кылмыштардын саны кыскарып жаткандыгын кошумчалап өттү.

Тема боюнча

Облустук сот 12 жашар кызды зордуктаган кишинин жазасын жеңилдетти
Белгилер:
шоколад, психолог, сурак

ЭҢ МААНИЛҮҮ