Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Онколог аспириндин кайсыл органга зыян экенин айтып берди

© Sputnik / Асель АкматалиеваДиректор Национального центра онкологии и гематологии Эрнис Тилеков
Директор Национального центра онкологии и гематологии Эрнис Тилеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук онкология жана гематология борборунун директору Эрнис Тилеков аспиринди ашыкча колдонуу күтүлбөгөн кесепеттерге алып келерин айтты.
Онколог аспириндин кайсыл органга зыян экенин айтып берди

Интернеттеги аспиринди күн сайын колдонгон адам онкологиялык оорулардын алдын ала алат деген маалыматтын чын-төгүнү белгисиз. Бул тууралуу Эрнис Тилеков Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, көп учурда жергиликтүү кардиологдор дагы бейтаптарга аспирин ичип турууну сунуштап жүрүшөт.

"Интернеттен мындай такталбаган маалыматтар көп чыгат. Негизи кардиологдор адамга 40 жаштан өткөндөн кийин аспирин ичип турууну сунуштап деле жүрүшөт. Ал канды суюлтуучу каражат катары белгилүү. Бирок жеке мен аны онкологиялык оорулардын алдын алат деп ишенимдүү айта албайм. Себеби көп колдонгон учурда дагы терс кесепеттери арбын. Ошол эле ашказан жарасын пайда кылып, органдын канталоосуна алып келет", — деди Тилеков.

Ошондой эле дарыгер аспириндин чыкканына 100 жылдан ашык убакыт болгондугун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0