17:39 17 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8467
  • EUR77.4635
  • RUB1.0911
ЖКККББнын мониторинг борборунун жетекчисинин орун басары Медербек Шабданов

Шабданов: чектелген ылдамдыктан 20 чакырымга чейин ашыра айдаса айып салынбайт

Радио
Кыскача шилтеме алуу
2121070

ЖКККББнын мониторинг борборунун жетекчисинин орун басары Медербек Шабданов айдоочулар өз милдеттери менен бирге укуктарын да билүүсү зарылдыгын айтты.

Биздин республикада ылдамдыкка чектөө киргизилген бардык аймактар үчүн саатына 20 чакырым кошумча каралган. Бул тууралуу Медербек Шабданов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө автоунаалар үчүн калктуу конуштарда ылдамдык саатына 60 чакырым, ал эми чоң жолдо 90 чакырым көлөмүндө чектелген.

Бирок мыйзамдарга ылайык бардык учурда кошумча, саатына 20 чакырым ылдамдык каралган.

"Кыргызстанда калктуу конуштарды аралап жүргөн унаалар саатына 60 чакырым, ал эми ээн жолдордо 90 чакырымга чейинки ылдамдык каралган. Эгер айдоочу 60 чакырым ылдамдыкта жүрүүчү жерден 80 чакырым менен айдаса, шаарга коюлган камералар эреже бузуу катары белгилебейт. Ушундай эле мыйзам ЖКККББнын кызматкерлерине да тиешелүү. Тактап айтканда, эгер айдоочу саатына 60 чакырым ылдамдыкта жүрүүчү жерден андан ашыгырак ылдамдыкта келе жатса токтотууга акысы жок. Ал эми айдоочу ылдамдыкты ошол эле жерден саатына 81 чакырым менен өтсө, анда айыпка жыгылат", — деди Шабданов.

Ал эгер айдоочу мыйзам белгилеген ылдамдыктын чегинде айдап келе жаткан учурунда автоинспекторлор "белгиленген ылдамдыктан ашыра айдадың" деген жүйө менен токтотсо, өз укугун талашууга акысы бар экенин кошумчалады.

Тема боюнча

Шабданов: унаа номерин аныкталгыс кылып алган айдоочулар кармалат
Бишкек мэриясы тыгындан арылуу үчүн өзгөчө сунуш киргизди
Белгилер:
ылдамдык, укук, мыйзам, айдоочу

ЭҢ МААНИЛҮҮ