Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жолочубеков: коомдук жайларда Wi-Fi колдонуу кооптуу

© Sputnik / Асель АкматалиеваИшеналы Арабаев атындагы КМУнун колдонмо информатика кафедрасынын окутуучусу Нурсултан Жолочубеков
Ишеналы Арабаев атындагы КМУнун колдонмо информатика кафедрасынын окутуучусу Нурсултан Жолочубеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ишеналы Арабаев атындагы КМУнун колдонмо информатика кафедрасынын окутуучусу Нурсултан Жолочубеков эл интернетке көп кирген жерде Wi-Fi колдонуунун кооптуулугу боюнча айтып берди.
Жолочубеков: коомдук жайларда Wi-Fi колдонуу кооптуу

Коомдук жайларда Wi-Fi колдонуу кооптуулук жаратат. Бул тууралуу Нурсултан Жолочубеков Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, ачык тармактарда Wi-Fi аркылуу маанилүү операцияларды жүргүзбөш керек.

"Wi-Fi колдонуунун да эрежеси бар. Мисалы, бир үйдө бир Wi-Fi кызматын ашып кетсе 10 адам колдонот. Мындай көрүнүш кооптуулукту жаратпайт. Ал эми ачык тармактарда, башкача айтканда, коомдук жайларда интернетке Wi-Fi аркылуу кирүүдө сак болуу зарыл. Сейил бактарда же кафелерде аталган кызматты пайдалана турган болсоңуз, логин, пароль сыяктуу нерселерди жазбай, акча которуу сыяктуу маанилүү операцияларды жүргүзбөш керек. Анткени ушул учурда аккаунтту блоктоп же иштен чыгарып салууга шарт түзүлөт. Мындай жерлерде жөн эле Whatsapp каналына кирип чыксаңыз болот", — деди Жолочубеков.

Ал ар бир ата-эне баласын телефон аркылуу көзөмөлдөсө болорун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0