Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Токтомбаев: афган согушу маалында күнүгө 70-80 операция жасап жаттык

© Sputnik / Табылды КадырбековВоенный хирург, полковник медицинской службы Кадырбек Токтомбаев
Военный хирург, полковник медицинской службы Кадырбек Токтомбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аскер хирургу, медицина кызматынын полковниги Кадырбек Токтомбаев афган согушунда жетишсиз дары-дармектер Москвадан келип турганын айтты.
Токтомбаев: афган согушу маалында күнүгө 70-80 операция жасап жаттык

Афган согушунда бир күндө 5-6 оор, 70-80 майда операция жасаганга туура келчү. Бул тууралуу Кадырбек Токтомбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, өзү Афганистанга 1980-жылы барган.

"1980-жылы январдан баштап Кабулда болдум. Керектүү медициналык шайман, дары-дармектерди өзүбүз менен кошо ала барганбыз. Бирок ал дарылар көпкө жеткен жок. Жетишсиз медициналык каражаттарды кийин Москвадан алып келип беришти. Биз барганда алгач жаракат алган аскерлерди палаткада, кийинчерээк атайын имаратта дарылап жаттык. Бир күндө 5-6 оор, 70-80 майда операцияларды жасачубуз", — деди Токтомбаев.

Ал жаракат алгандардын саны ар күнү ар кандай болгонун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0