Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Дербишева: мектеп окуучуларынын спортко болгон кызыгуусу күч

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаардык мэриясынын Дене тарбия жана спорт башкармалыгынын басма сөз катчысы Наргиза Дербишева
Бишкек шаардык мэриясынын Дене тарбия жана спорт башкармалыгынын басма сөз катчысы Наргиза Дербишева  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек шаардык мэриясынын Дене тарбия жана спорт башкармалыгынын басма сөз катчысы Наргиза Дербишева шаар ичинде спорттук иш-чаралар байма-бай өтүп келерин айтты.
Дербишева: мектеп окуучуларынын спортко болгон кызыгуусу күч

Ушу тапта мектеп окуучуларынын спорттук иш-чараларына өзгөчө маани берилип жатат. Анткени алардын кызыгуусу абдан күч. Бул тууралуу Наргиза Дербишева Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, "Мектеп лигасы" деп аталган программа азыркы кезде экинчи этабына келди.

"Бишкек мэриясынын демилгеси менен бекитилген "Мектеп лигасы"деп аталган программа учурда иштеп жатат. Ага шаардагы төрт райондогу бардык мектептердин 5-11-класстагы окуучулары катыша алат. Бул иш-чара 2016-жылдан бери өтүп келет. Башында спорттун 13 гана түрү болсо, эми 19 түрү боюнча мелдешип жатышат. Жалпы 20 миң окуучу катышууда. Ушул тапта райондук этап жыйынтыкталып, шаардык этап уланууда", — деди Дербишева.

Ал мектеп окуучулары спорт жаатында эл аралык бийиктиктерди багындыра аларына ишенерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0