Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Шабданов: унаа номерин аныкталгыс кылып алган айдоочулар кармалат

© Sputnik / Табылды КадырбековСтарший инспектор пресс-службы ГУПМ МВД КР Медербек Шабданов
Старший инспектор пресс-службы ГУПМ МВД КР Медербек Шабданов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ЖКККББнын мониторинг борборунун жетекчисинин орун басары Медербек Шабданов жолдогу эреже бузуулар атайын автоматташтырылган маалымат аппараттык-программалык комплексе келип түшөрүн айтты.
Шабданов: унаа номерин аныкталгыс кылып алган айдоочулар кармалат

"Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында атайын программалык комплекске жалпысынан 607 миң 266 автоунаа каттоого алынган. Бул тууралуу Медербек Шабданов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, 14-февралга чейин 3428 жол эрежесин бузуу фактысы катталды.

"Эки күн ичинде жол эрежеси 3428 ирет бузулган. Бардык маалымат программалык комплексе автоматтык түрдө келип түшөт. Ал жерге айдоочунун тастыкталган гана мамлекеттик номери тууралуу билдирме болот. Андыктан мамлекеттик номерин таанылгыс кылып алган айдоочулар пайда болду. Учурда андай унаа ээлерин аныктоо максатында рейд уюштурулуп жатат. Алар сөзсүз түрдө колго түшүрүлүп, мыйзам чегинде айдоочуга чара көрүлөт. Андан сырткары, ушундай мыйзамсыз аракеттерге күбө болгондор үчүн 0706-630900 WhatsApp номерибиз иштеп жатат", — деди Шабданов.

Ошондой эле тартип сакчысы көчө кесилиштериндеги орнотулган камералардан сырткары Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча 20 көчмө аппарат дагы иштеп жаткандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0