Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Абдылдаев: мугалимдер арасында спартакиада өтүүдө

© Sputnik / Табылды КадырбековЖаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигине караштуу мектеп жана студенттик спортту өнүктүрүү дирекциясынын жетекчиси Эркин Абдылдаев
Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигине караштуу мектеп жана студенттик спортту өнүктүрүү дирекциясынын жетекчиси Эркин Абдылдаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигине караштуу мектеп жана студенттик спортту өнүктүрүү дирекциясынын жетекчиси Эркин Абдылдаев ЖОЖ окутуучулары арасындагы спартакиада жыл сайын өтөрүн айтты.
Абдылдаев: мугалимдер арасында спартакиада өтүүдө

Жогорку окуу жайларынын мугалимдери ортосунда спорттун жети түрү боюнча спартакиада өтүп жатат. Бул тууралуу Эркин Абдылдаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, спартакиада 13-февралда башталган. Соңку оюндар 25-февралда өтөрү белгиленсе, футбол боюнча мелдеш 4-мартка чейин уланат.

"Мугалимдер арасындагы спартакиадага Жогорку окуу жайлардын, кесиптик билим берүүчү мекемелердин окутуучулары катыша алат. Иш-чара жыл сайын өткөрүлүп келүүдө. Максаты — мугалимдердин ынтымагын бекемдеп, ден соолугун чыңдоо. Быйыл спартакиада катышуучулары футбол, баскетбол, шахмат, стол тенниси, ордо, тогуз коргоол жана чуркоо боюнча күч сынашып жатат. Жеңүүчүлөр жай мезгилинде Ысык-Көлдүн жээгинде боло турчу жалпы республикалык спартакиадага жолдомо алышат. Мындан сырткары, кызыктыруучу байгелер каралган. Мелдештин алкагында футбол жана баскетбол боюнча катышуучулар жаш курагына карап эки топко бөлүнгөн", — деди Абдылдаев .

Ал мугалимдер арасындагы спартакиадага кыз-келиндер да жылдан-жылга активдүү катышып жаткандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0