10:26 18 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.7942
  • EUR76.9027
  • RUB1.0885
СССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморовдун бир тууган агасы Сүйөркул Чокморов
© Sputnik / Эркин Садыков

Сүймөнкул Чокморовдун агасы: биздин аталарыбыз Чүйдөн эмес, Таластан экен

Радио
Кыскача шилтеме алуу
1479 0 0

СССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморовдун бир тууган агасы Сүйөркул Чокморов анын чоң аталарын убагында Байтик баатыр Чүй жергесине көчүрүп келгендигин айтып берди.

Залкар инсан Сүймөнкул Чокморов Таластын жетиген уруусунан болот. Чоң аталарыбызды Байтик баатыр Чүй жергесине көчүрүп келген. Бул тууралуу Сүйөркул Чокморов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, атактуу баатыр анын чоң атасы Байсабаны Сары-Өзөнгө өзүнө жардамчы кылып алып келген.

"Биз 11 бир тууган болгонбуз. Сегиз эркек жана үч кыз элек. Улуу Ата Мекендик согушка төрт агам аттанды. Үчөө келди, бир агам кайтпай калган. Азыр үчөөбүз эле калдык. Чоң-Таш айылында турабыз. Бирок биздин аталарыбыз Талас жактан болот экен. 1850-жылдары Байтик баатыр чоң атабыз Байсабаны Талас өрөөнүнөн өзүнө жардамчы кылып көчүрүп келип, Чоң-Таштын этегиндеги мүрзөнүн башына жайгаштырыптыр. Ошентип ушул жерди байырлап калганбыз. Азыр Сүймөнкул атындагы Чоң-Таш айылы деп аталат", — деди Чокморов.

Ошондой эле ал убагында атайын марафон өткөрүлүп, айылга инисинин эстелиги тургузулгандыгын кошумчалады.

Тема боюнча

Миңжылкиев менен Чокморовдун мамилеси жок эле... Залкарлардын таберик сүрөтү
Белгилер:
чоң ата, айыл, Сүймөнкул Чокморов

ЭҢ МААНИЛҮҮ