Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Назарбекова: унаадан сөөктөрдү чыгарганда бир куткаруучубуз качып кетти

© Sputnik / Табылды КадырбековӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын куткаруу кызматынын фельдшер-куткаруучусу Махабат Назарбекова
ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын куткаруу кызматынын фельдшер-куткаруучусу Махабат Назарбекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын куткаруу кызматынын фельдшер-куткаруучусу Махабат Назарбекова айрым учурларда кесиптештери арасында иштин түйшүгүнө чыдабай, кол шилтеп кеткендер болорун айтты.
Назарбекова: унаадан сөөктөрдү чыгарганда бир куткаруучубуз качып кетти

Куткаруучулар күтүлбөгөн өзгөчө кырдаалды "оор" же "жеңил" деп категорияга бөлө бергенди туура көрө беришпейт. Бул тууралуу Махабат Назарбекова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Каармандын айтымында, кандай гана күтүлбөгөн жагдай болбосун, анын кесепетин жоюу куткаруучулар үчүн өтө жооптуу болуп саналат.

"Бир күтүлбөгөн кырдаал "оор", экинчиси "жеңил" деген болбойт. Бардыгында адам өмүрү менен байланышкан жагдай бар. Бирок эң эсте каларлык кырдаал Дача СУ айылындагы авиакатастрофа болду. Согуш талаасына баргандай эле болдук. Өтө оор кызмат. Кол шилтеп кеткендер болот. Бир күн иштеп, эртеси арызын жазып кеткендер бар. Бир ирет жаңы келген кызматкерибиз дароо эле чакырууга чыгып калды. Чакыруу жол кырсыгына байланышкан кырдаал экен. Көпүрөнүн алдына кирип кеткен унаадан кесиптештерим сөөктү чыгарышат. Андан кийин куткаруучулар ишке келишкен соң баягы жаңы кесиптешибиз "мен азыр келем" деген боюнча кайра кайтып келген жок. Чындыгында түйшүгү оор жумуш", — деди Назарбекова.

Ошондой эле куткаруучу кыз-келиндер эркектерге караганда психологиялык жактан чыдамкай келерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0