Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Умралиева: сентябрдан тарта 1-класска электрондук система менен кабыл алынат

© Sputnik / Асель АкматалиеваСотрудник Минобрнауки КР Самаркул Умралиева
Сотрудник Минобрнауки КР Самаркул Умралиева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министрликтин мектепке чейинки, мектепте, мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Самаркүл Умралиева 2019-жылдын сентябрь айынан тарта Бишкек шаарындагы орто мектептерге окуучулар электрондук система аркылуу кабыл алынарын айтты.
Умралиева: сентябрдан тарта 1-класска электрондук система менен кабыл алынат

Аталган система буга чейин борбор калаанын бала бакчаларында сынамык түрүндө иштеп, жакшы жыйынтык көрсөтө алды. Эми 2019-2020-окуу жылынан баштап мектептерге да киргизилет. Бул тууралуу Самаркүл Умралиева Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, маалыматтык электрондук система Бишкек шаарындагы мамлекеттик мектептерге гана тиешелүү болот.

"Бул маалыматтык система ишке киргенге чейин ата-энелер тарабынан көптөгөн сунуш, пикирлер айтылды. Өзгөчө балдарын башталгыч класска киргизүү машакат жаратчу. Мектеп администрациясы акча сураган учурларды айтып, министрликке да арыздангандар маал-маалы менен катталып турган. Эл аралык уюмдар болсо өлкө аймагында 30 миңге чукул бала мектепке барбайт деп айтып чыгышты. Бирок бул туура эмес. Биздеги ыкчам маалыматтар боюнча учурда Кыргызстанда 1200-1500 бала орто мектепке барбайт. Электрондук каттоонун ишке кириши менен мына ушундай көйгөйлөр чечилет", — деди Умралиева.

Ал электрондук каттоо биринчи кезекте мектепке кабыл алуудагы коррупцияны жоет деген пикирин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0