Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Оторов: айып пулду 15 күн ичинде төлөгөн жаранга 50 пайыз арзандатуу берилет

© Sputnik / Табылды КадырбековСтарший инспектор пресс-службы ГУОБДД МВД Тилек Оторов
Старший инспектор пресс-службы ГУОБДД МВД Тилек Оторов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ИИМдин Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын үгүт-насаат иштери боюнча тескөөчүсү Тилек Оторов Эреже бузуулар кодексине өзгөртүүлөр киргизилип, Жогорку Кеңешке сунушталгандыгын айтты.
Оторов: айып пулду 15 күн ичинде төлөгөн жаранга 50 пайыз арзандатуу берилет

Эреже бузуулар кодексине сунушталган өзгөртүүлөргө ылайык, эгер жаран салынган айып пулду 15 күндүн ичинде төлөсө, ага 50 пайыз жеңилдик берилет. Бул тууралуу Тилек Оторов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган мыйзам Жогорку Кеңештин 3-окуусунан өтүп, учурда кол коюуга жиберилген.

"Жогорку Кеңешке 2019-жылдан баштап ишке кирген Эреже бузуулар жөнүндөгү кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталган. Ага ылайык, тартип бузган жаран протоколду колуна алган күндөн тарта 15 күн аралыгында айып пулун төлөсө, 50 пайыздык жеңилдик берилет. Башкача айтканда, жол эрежесин бузган айдоочуга 1000 сом айып каралган болсо, ал эки жуманын ичинде болгону 500 сом төлөп кутула алат. Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин үч окуусунан тең колдоо тапты", — деди Оторов.

Тартип сакчы ошондой эле адам өмүрүнө зыян келген учурда же айдоочу мас абалында кармалса, мындай жеңилдик берилбей турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0