11:32 16 Кулжа 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR78.7838
  • RUB1.0841
Мамлекеттик салык кызматынын адиси Рахат Асангазиева
© Sputnik / Асель Акматалиева

Асангазиева: кыргыз болуп кыргызча иш кагаз толтургандан кыйналып келебиз

Радио
Кыскача шилтеме алуу
29510

Мамлекеттик салык кызматынын адиси Рахат Асангазиева салык терминдерин камтыган орусча-кыргызча сөздүк чыккандыгын айтты.

Кыргыз жарандары иш кагаздарын кыргыз тилинде жүргүзүүдө кыйынчылыктарга дуушар болуп келет. Ошол себептен салык тармагына арналган сөздүк чыгарууга туура келди. Бул тууралуу Рахат Асангазиева Sputnik Кыргызстан радиосунун https://sputnik.kg/popup/radio/ "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, эми мындай жол менен салык терминдери бир жолго түшүп, бул жааттагы иш кагаздарын толтурууда башаламандык жаралбайт.

"Иш кагаздарын кыргыз тилинде толтурууда бир топ түйшүктөр жаралат. Бир эле терминдин ар башка мааниде колдонула бергени салык кызматкерлерине да, элге да ыңгайсыздык жаратууда. Көйгөйдү чечүү максатында орусча-кыргызча сөздүк чыгардык. Анда жалпысынан үч миңдей термин камтылды. Китепче 1000 нускада, өтө чоң көлөмдө болбосо да сапаттуу даярдаганга аракет кылдык", — деди Асангазиева.

Ал аталган сөздүктү учурда таркатуу иштери жүрүп жатканын кошумчалады.

Белгилер:
терминология, салык, сөздүк

ЭҢ МААНИЛҮҮ