Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Чекирова: эко-төлөмдөрдүн жоюлушу өлкөгө пайда гана алып келет

© Sputnik / Табылды КадырбековСоода-сатыкты жеңилдетүү боюнча жумушчу топтун мүчөсү Айнура Чекирова
Соода-сатыкты жеңилдетүү боюнча жумушчу топтун мүчөсү Айнура Чекирова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Соода-сатыкты жеңилдетүү боюнча жумушчу топтун мүчөсү Айнура Чекирова бажыдан кирген унаалар үчүн мындан ары эко-төлөмдөр алынбай турганын айтты.
Чекирова: эко-төлөмдөрдүн жоюлушу өлкөгө пайда гана алып келет

Эко-төлөмдөрдүн жоюлушу өлкөгө пайда гана алып келет. Бул тууралуу Айнура Чекирова Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, буга чейинки эко-төлөмдөрдөн түшкөн каражат болжолдонгон суммадан бир топ эсеге аз чыккан.

"Бажыдан өткөрүүдө унаалардан алынчу экологиялык төлөмдөр өкмөт тарабынан жоюлду. Бул абдан жакшы нерсе. Мындай аракет өлкөгө пайда гана алып келип, экономикага оң таасирин тийгизет. Негизи болжолдуу эсеп боюнча эко-төлөмдөн түшкөн каражат 1 миллиард сомдү түзүшү керек эле. Бирок мамлекеттин бюджетине 50 миллион сом гана түшүп келген. Ортодо коррупциялык иштер орун алганы айдан ачык эле көрүнүп калган. Эми мындай коррупциялык иштерге жол берилбей, тескерисинче, бизден өткөн унаалардын санынын көбөйүшүнө шарт түзүлөт", — деди Чекирова.

Ал эко-төлөмдөрдүн жоюлушу туристтердин агылып келишине да таасирин тийгизерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0