Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Милициянын ардагери: Рыспек Акматбаевди унутпаган романтиктер көп

© Sputnik / Табылды КадырбековПолитолог Токтогул Какчекеев
Политолог Токтогул Какчекеев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ички иштер министрлигинин ардагери Токтогул Какчекеев милиция кызматкерлеринин социалдык абалы жакшырмайынча, бул тармакта өзгөрүүнү талап кылуу кыйын экендигин айтты.
Милициянын ардагери: Рыспек Акматбаевди унутпаган романтиктер көп

Жөнөкөй катардагы милиция кызматкеринин айлык акысы 25 миң сомдон жогору болушу керек. Бул тууралуу Токтогул Какчекеев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, милиция кызматкерлеринин социалдык абалы канчалык начар болсо, ал уюшкан кылмыштуу топтор үчүн ыңгайлуу шарт катары кабылданат.

"Азыркы тапта милиция кызматкери эртең менен ишке чыгып, кечинде кайра үйүнө кайтып келеби, белгисиз. Криминалда романтиктер көбөйдү. Рыспек Акматбаевди унутпай жүргөндөр бар. Ошол эле учурда экс-президенттердин ысымдарын унуткандар арбын. Коомдо кылмыш чөйрөсүнө кызыккан жаштар арбып барат. Себеби ал жерде акча бар, акча менен сотту, прокурорду, милиция кызматкерин сатып алам дешет. Албетте, арасында сатылбай, ак ниети менен иштеген укук коргоо органдарынын өкүлдөрү бар. Бирок андайлардын 90 пайызынын үстүндө үйү жок. Андыктан милициянын социалдык абалын жакшыртуу керек, катардагы милиция кызматкеринин айлыгы 25 миң сомдон жогору болушу керек", — деди Какчекеев.

Ошондой эле ардагер коомдун айрым бөлүгүнүн милицияны такыр эле жоюп салуу керек деген сунушун колдобой тургандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0