Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Болотбеков: Баткен согушунун айрым ардагерлери көчөдө күн кечиришет

© Sputnik / Табылды КадырбековБаткен согушунун ардагери Данияр Болотбеков
Баткен согушунун ардагери Данияр Болотбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Баткен согушунун ардагери өзү менен бирге согушкан жоокер, экинчи даражадагы "Манас" орденинин ээси кантип көчөдө селсаяк болуп калганын айтып берди.
Болотбеков: Баткен согушунун айрым ардагерлери көчөдө күн кечиришет

Баткен согушунан көптөгөн жоокерлердин нерв системасы жабыркап, психикалык жактан туруксуз болуп кайтышкан. Бул тууралуу Данияр Болотбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун Баткен согушунун 20 жылдыгына арналган эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аскерлер Баткен согушунан кайткандан бери аларга мамлекет тарабынан жеткиликтүү көңүл бурулбай келет.

"Баткен окуясында көп бала жаракат алды. Жапжаш балдарга согуш талаасында жолдошторунун, сакалчан согушкерлердин сөөгүн ташууга туура келди. Ошонун баары нервге, психикага терс таасирин тийгизет экен. Жоокерлерге согуштан келгенден кийин көңүл бурулбай калды. Маселен, экинчи даражадагы "Манас" орденинин ээси, Баткен согушунун жоокери азыр көчөдө селсаяк болуп жүрөт. Андрей Дегтярев деген жигит дагы нервден жабыркап, эптеп күн кечирип жатат. Мындай мисалдар көп. Жарым-жартылайбы, толук мобилизация болобу,айтор, убагында өкмөт жоокерлердин согуштан кийинки турмушун эске алып коюшу керек эле", — деди Болотбеков.

Ошондой эле ардагер коомдун басымдуу бөлүгү Баткен согушу тууралуу чыныгы жагдайды билбей тургандыгын айтып, адилетсиз баа берилип жүргөндүгүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0