Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Калмурзаева: айыл жаштары көйгөй чечүүнүн жолун табууда

© Sputnik / Табылды КадырбековБорбордук Азиядагы IDEA уюмунун аткаруучу директору Элвира Калмурзаева
Борбордук Азиядагы IDEA уюмунун аткаруучу директору Элвира Калмурзаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борбордук Азиядагы IDEA уюмунун аткаруучу директору Элвира Калмурзаева 1-3-февраль күндөрү Сузак районунда мэйкатон өткөнүн маалымдады.
Калмурзаева: айыл жаштары көйгөй чечүүнүн жолун табууда

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун жаштары мэйкатондун негизинде өздөрү жашаган аймактын көйгөйлөрүн чечүү жолдорун издеди. Бул тууралуу Элвира Калмурзаева Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Мэйкатон — бул социалдык маанилүү долбоорлорду иштеп чыгуучулардын форуму. Ал жерде жаштар 48 сааттын аралыгында өз коомчулуктарындагы актуалдуу маселелерди чечүү жолун табат.

"Түштүк аймагы боюнча өткөрүлгөн мэйкатонго Сузак районундагы мектеп окуучулары катышты. Алар дилгирлигин көрсөтүп, өздөрү жашаган аймактын көйгөйлөрүн чечүү жолдорун издеди. Жыйынтыгында беш идея мыкты деп табылып, акчалай сыйлыктар менен сыйланды. Бир мектептин окуучулары иштен чыгып калган сарайды калыбына келтирип, мектеп парламентинин жыйналыштарын өткөрүп турмай болду. Дагы бир мектеп таштандыларды бөлүп, айыл тургундарынын экологиялык маалыматын кеңейтүүгө сөз беришти. Ошондой эле окуучулардын коопсуздугу үчүн мектепке камера орнотуу демилгесин көтүрүп чыгышты. Албетте, бул иштерди аткарууга биз бөлүп берген каражат жетишсиз. Ошондуктан аларга ата-энелер менен айыл өкмөттөрү жардам бермей болду", — деди Калмурзаева.

Ал ушундай эле мэйкатон эми Бишкек шаарында 8-10-февраль күндөрү өтө турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0