Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Алтыбаева: коомдук жайларда чылым чегүүгө таптакыр тыюу салынат

© Sputnik / Асель АкматалиеваДепутат ЖК Айнуру Алтыбаева
Депутат ЖК Айнуру Алтыбаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КСДП фракциясынын депутаты Айнуру Алтыбаева коомдук жайларда чылым чегүүгө тыюу салган мыйзам долбоору сунушталып жатканын айтты.
Алтыбаева: тамекинин баасы көтөрүлөт

Коомдук жайларда, мекемелерде тамеки, кальян тартууга таптакыр тыюу салуу боюнча мыйзам долбоорун сунуштап жатабыз. Мыйзам жакында 1-окууга чыгарылат. Бул тууралуу Айнуру Алтыбаева Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мыйзам долбоору колдоо тапса, тыюу салынган жайларда тамеки тарткан адамдарга 20 миң сом, юридикалык жактарга 100 миң сом айып пул салынат.

"Депутаттардан турган топ азыркы иштеп жаткан мыйзамга оңдоп-түзөөлөрдү киргизүү менен жаңы вариантын сунуштап жатабыз. Учурдагы мыйзамдан кескин айырмасы — эми коомдук жайларда тамеки, кальян, насвай тартууга таптакыр тыюу салынат. Кафе, ресторандарда "тамеки чегүүчүлөр үчүн бөлмө" деген болбойт. Билим берүү мекемелеринен 100 метр алыстыкта гана тамеки сатууга уруксат берилет. Ошону менен бирге эле тамекиге болгон баа көтөрүлөт. Эгер мыйзам долбоору өтүп калса, анда коомдук жайларда чылым чеккен адамдар 20 миң сом, юридикалык тараптар 100 миң сом айыпка жыгылат", — деди Алтыбаева.

Депутат ошондой эле мыйзам долбоорунун өтпөй калышына да кызыкдар тараптар бар экендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0