Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Карабаев: мурдагыга салыштырмалуу балдар рэкетчилиги азайды

© Sputnik / Табылды КадырбековГлавный инспектор Службы общественной безопасности МВД Рашид Карабаев
Главный инспектор Службы общественной безопасности МВД Рашид Карабаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ИИМдин коомдук коопсуздук кызматынын жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын ага тескөөчүсү Рашид Карабаев балдар жакындары тарабынан зомбулукка кабылган учурда кайдыгер караган кошуналар бар экендигин айтты.
Карабаев: мурдагыга салыштырмалуу балдар рэкетчилиги азайды

Мурдагы жылдарга салыштырмалуу балдар арасындагы рэкетчилик азайды. Бирок балдарга карата жасалган зомбулуктун түрлөрү курчуп жатат. Бул тууралуу Рашид Карабаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, балдардын коопсуздугу үчүн республика аймагында 111 кыска номериндеги ишеним телефону иштейт.

"Мындан 5-6 жыл мурда балдар арасында уруп-тоноо көп катталса, азыр бул көрүнүш кадимкидей азайып калды. Бирок балдарга жакындары же чоочун адамдар тарабынан жасалган зомбулуктар жылдан-жылга көбөйүүдө. Бул көйгөйдү чечүү бир эле мамлекеттик мекемелердин эмес, жалпы коомдун милдети. Азыр бала жакындары тарабынан ыдык көрүп жатса, кайдыгер карап отура берген кошуналар көп. Ар бир бала бакубат жашоого укугу бар жана ар бир бала корголууга тийиш. Ошондой эле чоң адамдар бирөөнүн баласы же өз балам дебей, балдарды зомбулуктан коргошубуз шарт. Мисалы, кошуна өз баласын дайыма ур-токмокко алып же сабакка жибербей жүргөнүн билген учурда милиция кызматкерине же 111 номериндеги ишеним телефонуна чалып коюу керек", — деди Карабаев.

Тартип сакчы ошондой эле ата-энелерди балдарынын жүрүм-турумуна дыкат көңүл буруп туруусу керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0