Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Чакаев: бир жоокерибиздин сөөгүн арчанын башынан араң түшүрдүк

© Sputnik / Табылды КадырбековРеспубликалык Баткен согушунун ардагерлер кеңешинин Токмок шаары боюнча төрагасы Мусулманкул Чакаев
Республикалык Баткен согушунун ардагерлер кеңешинин Токмок шаары боюнча төрагасы Мусулманкул Чакаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Республикалык Баткен согушунун ардагерлер кеңешинин Токмок шаары боюнча төрагасы Мусулманкул Чакаев Баткен согушуна Токмок шаарындагы "Скорпион" атайын даярдыктагы аскерлер бөлүгүндө кызмат өтөп жатып чакырылгандыгын айтты.
Чакаев: бир жоокерибиздин сөөгүн арчанын башынан араң түшүрдүк

Кыргызстандын чек арасын бузуп, өлкө аймагына кирген согушкерлер чоң даярдыктан өтүп келишкен. Бул тууралуу Мусулманкул Чакаев Sputnik Кыргызстан радиосунун  Баткен согушунун 20 жылдыгына арналган эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, согушкерлердин байланыш жабдыктары жакшы болгондон улам кыргыз жоокерлеринин баскан-турган кадамдарын алар алдын ала билип турган.

"Бир күнү Жылуу-Суу тараптагы Муз ашуусунда сакалчан согушкерлер жүрөт деген ыкчам маалымат келди. Тез арада ал жерге багыт алдык. Алардын байланыш жабдыктары жакшы экен. Биз барганда эле жок болушат же багытын өзгөртүп кетишет. Бирок бир күнү аймакты тинтүү учурунда согушкерлер менен маңдай-тескей атыштык. Тактика боюнча биз ордубузду алмаштырып турушубуз зарыл болчу. Бир жерден кечке ок чыгара берүү болбойт. Жардын боюнда болчубуз. Муканбет уулу Улан деген жоокерибиз ошентип позициясын которууда жардан учуп кетти. Издеп атып араң тапканбыз. Көрсө жардын ылдыйкы бетиндеги арчанын башына илинип калыптыр. Сөөгүн араң түшүргөнбүз", — деди Чакаев.

Ошондой эле ал Баткен согушуна катышып келгендердин арасында нерв системасына байланышкан ооруларга чалдыккан ардагерлер көп экендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0