Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Абдраимова: эркин мамлекетте жашасак да пикир сыйлаганды билбейбиз

© Sputnik / Асель АкматалиеваПрограммный менеджер Асель Абдраимова
Программный менеджер Асель Абдраимова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Dream долбоорунун түштүк аймагы боюнча менеджери Асел Абдраимова коомдо түрдүү конфликттер пикир келишпестиктен улам келип чыгарын айтты.
Абдраимова: эркин мамлекетте жашасак да пикир сыйлаганды билбейбиз

Коомдо түрдүү тараптар, ар кандай ойлор, ар кандай стереотиптер бар. Бул себептен демократиялуу өлкөдө жашап жатканыбызга карабастан көптөгөн конфликттер жаралып келет. Бул тууралуу Асел Абдраимова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган долбоордун максаты — элди ынтымакка чакыруу.

"Биз демократиялуу өлкөдө жашап жатканыбызга карабастан, бири-бирибиздин пикирибизди сыйлаганды билбейбиз. Түшүнбөстүктөрдөн улам конфликт жаралып, тилекке каршы, аны ызы-чуу менен чечип келебиз. Биздин коом светтик жана диний болуп экиге бөлүнүп калган. Бул нерсе ачык айтылбаса да сезилип турат. Dream долбоорунун максаты — ар кандай болгонубузга карабастан окшоштуктарды табуу жана ынтымактуу жашоо. Көз караштар ар түрдүү болсо да бизди маданиятыбыз, тарыхыбыз жана мекенибиз бириктирип келет", — деди Абдраимова.

Ал бир мамлекетте ар улуттун өкүлдөрү түрдүү көз караштар менен жашаса да достук мамилеси бекем болуш керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0