Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Болотбеков: дарыгер агам Баткен согушунан алып кала алам деген

© Sputnik / Табылды КадырбековРеспубликалык Баткен согушунун ардагерлер кеңешинин мүчөсү Данияр Болотбеков
Республикалык Баткен согушунун ардагерлер кеңешинин мүчөсү Данияр Болотбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Республикалык Баткен согушунун ардагерлер кеңешинин мүчөсү Данияр Болотбеков Баткен согушуна үй-бүлө күтүп, эки балалуу болуп калган курагында аттангандыгын айтты.
Болотбеков: дарыгер агам Баткен согушунан алып кала алам деген

Кой-Таш аскер бөлүгүнө жарым-жартылай мобилизациядан улам чакыртылган жоокерлердин айрым үй-бүлө мүчөлөрү келип, жакындарынан кайра артка кайтууну өтүнүшкөн. Бул тууралуу Данияр Болотбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун Баткен согушунун 20 жылдыгына арналган эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, ага дагы ар тараптан согушка барбай калуунун ар кандай амалдары сунушталган.

"Мен Баткен согушуна 30 жашымда, эки балалуу болуп калганда ыктыярдуу түрдө аттандым. Келинчегим "эки балаң турса, кайда барасың, өлүп калсаң ким багат?" деп күн сайын ыйлайт. Эки-үч жигитти ошентип атып эле аялдары аскердик бөлүктөн алып кетишкен. Райондордун биринде врач болуп иштеген агам бар эле. Ал сени согуштан алып кала алам деп сунуштап да жүрдү. Бирок мен макул болгон жокмун. Энем болсо Баткенге аттанаар күнү келип, батасын берип, "жакшы кызмат кылып кел!" дегени мага күч-кубат, дем болду", — деди Абдрахманов.

Ошондой эле ал Баткен согушунда айдоочу-механик болуп кызмат өтөгөндүгүн кошумчалап өттү.

Жаңылыктар түрмөгү
0