18:17 09 Бештин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.2820
  • RUB1.0961
Председатель подкомитета ТПП КР по транспорту Маткерим уулу Талантбек во время интервью на радиостудии Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Азамат Тотубаев

Маткерим уулу: 1500 жүк ташуучу унаа лицензия ала албай жатат

Радио
Кыскача шилтеме алуу
62 0 0

Соода-өнөр жай палатасынын транспорт боюнча комитетинин төрагасы Талантбек Маткерим уулу жаңы мыйзамдардагы мүчүлүштүктөрдөн улам жүк жана жүргүнчү ташыган автоунаа айдоочулары лицензия ала албай жаткандыгын айтты.

Эл аралык каттам менен жүк ташыган 1500 унаа лицензия ала албай жатат. Алардын ар биринин 2-3төн айдоочусу бар. Бул тууралуу Талантбек Маткерим уулу Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, лицензиясынын мөөнөтү аяктап, каттамга чыга албай жаткан айдоочулардын саны күндөн-күнгө көбөйүүдө.

"2019-жылдын 1-январынан тарта кирген жаңы кодекстерге байланыштуу жүк жана жүргүнчү ташууга лицензия берүү мыйзамында лицензиянын баасы көрсөтүлбөй калган. Транспорт министрлиги баалар Жогорку Кеңештин макулдугу менен өкмөт тарабынан коюларын айтып жатат. Айдоочулар эски баа менен лицензия бере берүүнү суранып жатабыз, бирок министрлик буга макул эмес. Биз көйгөйдү чечүүгө аракет кылып, өкмөткө, парламентке кат жолдодук. Эч кандай жооп ала албай келебиз. Лицензиясы бүтүп, каттамга чыга албай калып жаткан транспорттордун саны күндөн-күнгө көбөйүүдө", — деди Маткерим уулу.

Ал мыйзам бир эле эл аралык жүк жана жүргүнчү ташуудагы транспортторго эмес, өлкө ичиндеги автоунааларга да тиешелүү экендигин кошумчалады.

Тема боюнча

ЖК ойлонуп, өкмөт толгонгуча айдоочулар ишсиз калды. Лицензия качан берилет?
Белгилер:
транспорт, мыйзам, лицензия

ЭҢ МААНИЛҮҮ