Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Абдыкапаров: майып адам үйдөн эле 3 миң доллар тапса болот

© Sputnik / Досхан НусупбековСпециалист проекта "Программирование без границ" Максат Абдыкапаров
Специалист проекта Программирование без границ Максат Абдыкапаров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Тоскоолдуксуз программалоо" долбоорунун улуттук серепчиси Максат Абдыкапаров ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар кантип каражат тапса болорун айтып берди.
Абдыкапаров: майып адам үйдөн эле 3 миң доллар тапса болот

Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар сыртка чыкпай эле үйдө иштеп, бир айда 300 доллардан 3 миң долларга чейин акча тапса болот. Бул тууралуу Максат Абдыкапаров Sputnik Кыргызстан радиосунун  "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө интернет аркылуу алыскы өлкөлөрдөн тапшырык алып, жетиштүү каражат табууга мүмкүнчүлүктөр арбын.

"IT тармагында иштөө үчүн болгону билим жана компьютер жетиштүү. Башка эч нерсенин кереги жок. Бул себептен "Тоскоолдуксуз программалоо" долбоорунун алкагында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 30 балага IT жаатында билим бердик. Эми алар коркпой эле резюмелерин компанияларга жиберип, жумуш менен камсыз боло алат. Биздин өлкөдө бул тармакта кадр жетишсиз. Мындан сырткары, Кыргызстанда эле жүрүп, Америка, Европа, Корея сыяктуу өлкөлөрдөн тапшырык алып иштесе болот. Азыркы кезде IT тармагында жаңыдан иштеп баштаган кызматкер 300 доллар, ал эми алдыңкы кызматкерлер 2-3 миң доллар таба алат. Мындай акчаны табуу биз окуткан 30 баланын да колунан келет. Анткени алардын көбү алты саны аман адамдардан күчтүү", — деди серепчи.

Ал долбоорго катышкан 30 бала 100 майып адамдын ичинен тандалып алынганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0