Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Бакыт Бекбача уулу: "Манас" эл аралык аэропорту кеңейтилип жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековЗамдиректора бишкекского филиала ОАО "Международный аэропорт "Манас" Бакыт Бекбача уулу
Замдиректора бишкекского филиала ОАО Международный аэропорт Манас Бакыт Бекбача уулу  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Манас" эл аралык аэропортунун директорунун орун басары Бакыт Бекбача уулу Бишкектеги аба майданы эл аралык жарандык авиация уюмунун бардык талаптарына жооп берерин айтты.
Бакыт Бекбача уулу: "Манас" эл аралык аэропорту кеңейтилип жатат

ИКАО уюму тарабынан "Манас" эл аралык аэропорту акыркы жолу 2017-жылдын декабрь айында текшерүүгө алынып, "жакшы" деген баага татыган. Бул тууралуу Бакыт Бекбача уулу Sputnik Кыргызстан радиосунун https://sputnik.kg/popup/radio/ таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аба майданына 100 баллдан 84 упай ыйгарылып, коопсуз аба майдандардын катарынан орун алган.

"ИКАО уюмуна мүчөбүз. Ошондуктан уюм тарабынан тиешелүү текшерүүлөрдөн өтүп турабыз. 2017-жылкы акыркы текшерүүдө 84 упай алдык. Топтолгон упай "жакшы" деген бааны түшүндүрөт. Жүргүнчүлөрүбүздүн ыңгайлуулугу үчүн аэробекетибизди күн чыгыш жана күн батыш тарабынан кеңейтип жатабыз. Батыш тарабындагы аэробекет 4200 чарчы метрге кеңейтилүүдө. Муну менен элди тейлөө жакшырып, тыгындар азаят деген үмүттөбүз. Мурда аэробекетте 11 паспорттук бөлмө иштесе, эми анын саны 18-19ду түзөт. "Ачык асмандын бешинчи тепкичинин" кабыл алынышы дагы транзиттик жүргүнчүлөрдүн санын көбөйтөт деген үмүттөбүз", — деди Бекбача уулу.

Ошондой эле ал республика боюнча жалпысынан 11 аба майданы бар экендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0