Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Исмаилова: адамдын инсульт болгонун 4 нерседен билүүгө болот

© Sputnik / Табылды КадырбековИнсульт боюнча изилдөөчү Азиза Исмаилова
Инсульт боюнча изилдөөчү Азиза Исмаилова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Инсульт боюнча изилдөөчү Азиза Исмаилова аталган оорунун белгилерин санап өттү.
Исмаилова: адамдын инсульт болгонун 4 нерседен билүүгө болот

Адамдын инсульт болгону төрт учурда билинет. Бул тууралуу Азиза Исмаилова Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мындай дартка кабылган адам эң биринчи кезекте түшүнүктүү сүйлөй албай калат.

"Адамдын инсультка кабылганын төрт учурдан байкай алабыз. Биринчи учур — адамдын тили булдуруктап, так, түшүнүктүү сүйлөй албай калат. Мындай кезде жөнөкөй суроолорду берип байкаш керек. Мисалы, атың ким деген суроону узатса болот. Экинчи учур — бетинин бир тарабы кыйшайып, бир жакка ооп калыш мүмкүн. Үчүнчү учур — көздүн көрүүсү начарлайт. Төртүнчү учур — адам алсыз болуп, бир ыптасын кыймылдата албай калат. Мына ушул төрт белги байкалаары менен дароо тез жардам чакырыш керек. Бейтапты убакыттан уттурбай тезинен ооруканага жеткирүү шарт", — деди Исмаилова.

Ал аталган дартка мурда 50-60 жаштагылыр чалдыкса, учурда 30-40 жаштагылар да бул илдет менен ооруп, дарт жашарып баратканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0