Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Эргешов: жергиликтүү авиакомпанияларга жеңилдиктер берилет

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Эргешов
Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Эргешов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Эргешов өлкө ичинде авиакаттамдарды аткарган компанияларга жеңилдиктерди берүүнү өкмөт дагы колдой тургандыгын маалымдады.
Эргешов: жергиликтүү авиакомпанияларга жеңилдиктер берилет

Чет өлкөдөн алып келинген аба кеменин жабдыктарына, авиакеросинге кошумча баа салыгын алып салуу же өлчөмүн төмөндөтүү сыяктуу жеңилдиктер каралат. Бул тууралуу Алмазбек Эргешов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, "Ачык асмандын бешинчи тепкичи" кабыл алынганы менен ал тез арада иштеп кетет дегенге кепилдик жок.

"Аба кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" мыйзамы кабыл алынды. Ага ылайык, "ачык асмандын бешинчи тепкичине" өттүк. Бирок бул эреже буга чейин эле иштеп келген. Ошол эле Стамбул — Улан-Батор авиакаттамы Бишкек аркылуу аткарылып жүргөн. Биз ички каттамды аткарган авиакомпанияларга жеңилдиктерди карап, колдоого алышыбыз керек. Чет элден алып келинген аба кеменин жабдыктарына, авиакеросинге кошумча баа салыгын алып салуу же өлчөмүн төмөндөтүү, ижарага алынган самолетторду салыктан бошотуу сыяктуу жеңилдиктер жакынкы арада кабыл алынат", — деди Эргешов.

Ошондой эле депутат жеңилдик берүү өкмөт, Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан колдоого ээ экендигин баса белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0