Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Абдыжапар уулу: импорттолгон товардын нускамасы кыргыз тилге которулушу шарт

© Sputnik / Табылды КадырбековВедущий специалист переводческого отдела языковой комиссии Мундузбек Абдыжапар уулу
Ведущий специалист переводческого отдела языковой комиссии Мундузбек Абдыжапар уулу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик тил комиссиясынын котормо бөлүмүнүн башкы адиси Мундузбек Абдыжапар уулу импорттолгон товардагы нускамалардын мамлекеттик тилге которулбагандыгы, керектөөчүлөрдүн Баш мыйзамда көрсөтүлгөн укугун бузарын айтты.
Абдыжапар уулу: импорттолгон товардын нускамасы кыргыз тилге которулушу шарт

Тил боюнча мыйзамдын 29-беренесинде бардык жергиликтүү өндүрүмдөрдүн жана импорттолгон товарлардын нускамалары мамлекеттик тилде жазылуусу же которулуусу керек деп айтылган. Бул тууралуу Мундузбек Абдыжапар уулу Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, товарлардын мамлекеттик тилде жазылуусу мыйзамда көрсөтүлгөнү менен аны көзөмөлдөгөн мекеме аныкталбай калган.

"Жергиликтүү өндүрүмдөр же сырттан алып келинген товарлардын нускамалары милдеттүү түрдө мамлекеттик тилде жазылуусу керек. Муну атайын мыйзам шарттап турат. Бирок мыйзам катары кабыл алынганы менен бул иш аткарылбаган учурда аны жазалай турган же көзөмөл жүргүзө турган мекеме так көрсөтүлбөй калган. Андыктан импорттолгон товарлар сапаты, жарамдуулук мөөнөтү эле текшерилип чек арадан өтүп жатат. Бул керектөөчүлөрдүн укугун бузуу болуп саналат", — деди Абдыжапар уулу.

Адис бул иш менен алектенүүнү Мамлекеттик тил комиссиясына тапшырылса ылайыктуу болорун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0