Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Шекенов: Мамлекеттик ипотекалык компания өз максатына жеткен жок

© Sputnik / Табылды КадырбековЖаш ишкерлер ассоциациясынын курулуш комитетинин куратору Адисбек Шекенов. Архив
Жаш ишкерлер ассоциациясынын курулуш комитетинин куратору Адисбек Шекенов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаш ишкерлер ассоциациясынын курулуш комитетинин куратору Адисбек Шекенов учурда Кыргызстанда 500 миңге жакын үй-бүлө турак жайга муктаж экендигин айтты.
Шекенов: Мамлекеттик ипотекалык компания өз максатына жеткен жок

Мамлекеттик ипотекалык компания үйгө муктаж адамдарды жаңы турак жай менен камсыздоо максатында түзүлгөн. Мындай пикирин Адисбек Шекенов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган мекеме өзүнүн милдетин так аткара албай жатат.

"Мамлекеттик ипотекалык компанияны түзүүдөгү негизги максат — турак жайга муктаждарды жаңы курулган үй менен камсыздоо болчу. Бирок аталган компания акчаны кардарларга жөн гана бөлүп берип, алар даяр үйлөрдү сатып алып жатышат. Жыйынтыгында өлкөдөгү курулуш тармагында жылыш болгон жок. Бул мекеменин жардамы менен керектөөчүлөр турак жайлуу болгондон сырткары, жаңы, заманбап курулуп жаткан үйлөр көбөйүп, аларга болгон баа жылдан-жылга арзандашы керек эле. Тилекке каршы, иш ойдогудай аткарылбай, учурда 500 миңге чукул үй-бүлө үйгө муктаж жана курулуш тармагы деле өнүгүп кете алган жок. Баалар кымбат болуп, сатып алуучуларга да кыйынчылык жаралууда", — деди Шекенов.

Ал керектөөчүлөрдү үй менен камсыз кылууда мамлекет курулуш компанияларына жардам берип, маселени тез арада чечсе болорун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0