Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Орчунова: чачы узун кыз-келиндер иш учурунда чачын жыйнашы керек

© Фото / Виктория БарСтилист Гүлзат Орчунова
Стилист Гүлзат Орчунова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Стилист Гүлзат Орчунова эл аралык дресс-коддун талабына ылайык, айымдардын чач жасалгасына дагы бир катар талаптар коюлгандыгын айтты.
Орчунова: чачы узун кыз-келиндер иш учурунда чачын жыйнашы керек

Кыска чачтуу кыз-келиндер чачты көптүрүүдө же болбосо атайын өзгөчө жасалгалоодо лактын өлчөмүн туура колдонушу керек. Бул тууралуу Гүлзат Орчунова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, кечки саат бештен кийинки иш-чараларда чач жасалгалоонун өзгөчөлүгүнө чек жок.

"Бештен жана сегизден кийинки кечки иш-чараларда чач тарач адистердин фантазиясына чек жок. Кыска чачтуу айымдар иш учурунда чачты көбүртүп же болбосо атайын жасалгалашат. Ал учурда лактын өлчөмүн туура колдонуу зарыл. Себеби көп колдонулуп калган лактын жыты тегеректегилерге жагымсыз жагдайды жаратып, көңүлдүн бардыгы ишке эмес, чыккан жытка бурулуп калуу коркунучу бар. Ал эми өтө узун, чачы белге жеткен кыз-келиндер чачын жыйнап алуусу зарыл. Анткени иш учурунда адам тыкан болуусу шарт", — деди Орчунова.

Ошондой эле ал кыска чачтуу айымдардын чач жасалгасы өтө бийик болбогондугу туура экендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0