20:20 21 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8317
  • EUR77.1501
  • RUB1.0937
Ишеналы Арабаев атындагы КМУнун колдонмо информатика кафедрасынын окутуучусу Нурсултан Жолочубеков
© Sputnik / Асель Акматалиева

Жолочубеков: интернеттеги өчүрүлгөн маалыматтарды кайра тапса болот

Радио
Кыскача шилтеме алуу
197 0 0

Ишеналы Арабаев атындагы КМУнун колдонмо информатика кафедрасынын окутуучусу Нурсултан Жолочубеков интернеттеги коопсуздук боюнча айтып берди.

Бир канча жыл мурун интернетке киргизилген сүрөттү кайра издөө менен таап алса болот. Бул тууралуу Нурсултан Жолочубеков Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, интернетке жүктөлүп, кайра колдонуучу тарабынан өчүрүлгөн ар бир маалымат атайын серверде сакталып турат.

"Бирөөлөр тарабынан кулптанган аккаунтту ошол уюм менен байланышып гана ачса болот. Ансыз ачылбайт. Интернетке жүктөгөн маалыматтан сак болуш керек. Ар бир сүрөт, маалымат, файл абдан чоң база болуп, атайын серверде сакталып калат жана эч качан өчүрүлбөйт. Ал жактан каалаган нерсени издеп, алып чыкса болот. Мисалы, бир киши бир канча жыл мурун терс кыймыл-аракет жасаган сүрөтүн киргизди дейли. Убакыт өтүп, ал адам бир чоң кызматта иштеп калды. Бул учурда ал тууралуу терс маалымат кимге керек болсо, издөө жолу менен таап, сууруп чыга алат", — деди Жолочубеков.

Ал интернетке киргизилген файлдар жок болуп кетпей сакталып тура берерин кошумчалады.

Тема боюнча

Мокешов: эми информатика сабагы 5-класстан баштап окутула баштайт
Белгилер:
коопсуздук, маалымат, интернет

ЭҢ МААНИЛҮҮ